Turmush — Исабеков Бакытбек Ниязбекович Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Алтынбек Сеңирбаев бүгүн, 18-августта кол койду.
Б.Исабековду бүгүн аким Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн эмгек жааматы менен тааныштырды.
Бакытбек Исабеков 1973-жылы Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Ал буга чейин дене тарбиячы мугалим, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, мектеп директору болуп иштеген.
2022-жылдын 16-августундагы коллегияда 2022-жылдын I жарым жылдыкта аткарылган жумуштардын жыйынтыгы менен Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Капарбек Смаилов кызмат ордунан бошотулган.
Жыйында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджети 223 миллион сомду түзөрү, бирок былтыркы жылы бул каражаттын 110 миллион сому пайдаланылбай калганы айтылган.
-
Каныш-Кыя айыл өкмөтү — Чаткал районундагы эң бай айыл өкмөт.
-
Чаткал районунун аймагында пайдалуу кендерди иштетүү боюнча 154 лицензия бар. Алардын ичинен 95 лицензия чалгындоого, ал эми 36 лицензия кен иштетүүгө, 23 лицензия кен издөөгө берилген.