Turmush — Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Токтогулов Өмүрзак Токтогулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Алтынбек Сеңирбаев бүгүн, 20-сентябрда кол койду.
Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, жаңы айыл өкмөт башчыны эмгек жамаатка аким тааныштырды.
- Өмүрзак Токтогулов 1971-жылы Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган. Ал буга чейин Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында иштеген.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө айыл өкмөт башчынын резюмеси бар.