Turmush — Чаткал районунда аймактык ирилештирүүдөн кийин 2 айыл аймак түзүлдү.
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы болуп Ашырбаев Болотбек Сапарбекович, Терек-Сай айыл аймагынын башчысы болуп Исабеков Бакытбек Ниязбекович дайындалды.
Маалым болгондой, Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактары биригип, Каныш-Кыя айыл аймагы болуп түзүлдү.
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Ашырбаев 2017-жылдан бери Терек-Сай айыл өкмөтүн жетектеп келген.
Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Исабеков 2022-жылдан бери Каныш-Кыя айыл өкмөтүн жетектеп келген.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.