Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 22.01.2016 11:16

Чаткалдагы айыл аймактардын башчыларына дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүү талабы коюлду (фото)

Turmush -  Чаткал районунда кечээ, 21-январда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, коллегияга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов, «Жалал-Абад электр» ишканасынын башчысы Азамат Паязов, райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери, район тургундары катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө район акими жыл жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Андан соң райондогу төрт айыл аймактын башчыларына суроолор берилип, өткөн жыл ичинде аткарылбай калган иштердин себептери суралды.

Коллегия мүчөлөрү тарабынан Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймак башчыларына азык-түлүк коопсуздугу боюнча аткарылып жаткан иштер жетишсиз экендиги айтылып, дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүү талабы коюлду.

Коллегиянын соңунда район акими К.Эшалиев февраль айында айылдык кеңештердин кошмо жыйынында депутаттарга дагы маалымат берип, аны менен катар район акиминин өткөн жыл ичиндеги аткарган иштерине баа бериле турганын кошумчалады.

68

65

64

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×