Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 27.01.2016 10:07

Екатеринбургдагы кыргыздар «Сары-Челек» коомун түзүп, маданий, спорттук иш-чараларга катышууда (фото)

Turmush -  Россиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз жарандары «Сары-Челек» коомун түзүп, ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларга катышып келишет.

Аталган коомдун башкы директору Урматбек Курбанбаевдин айтымында, Кыргызстан-Урал кыргыз диаспорасы менен жакындан иш алып барган бул коомго учурда 50дөн ашык спортчу, 30дай ар кандай таланттуу жаштар мүчө. Алар кыргыз диаспорасы жана Екатеринбург шаарынын жергиликтүү бийлиги тарабынан уюштурулган ар кандай маданий, спорттук иш-чараларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзүп келишет.

«Жаштар учурда ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларга катышып, жеңиштерге жетишүүдө. Атап айтсак, 2015-жылы Гүлкайыр Сагыналиева деген кызыбыз «Мисс Урал Азия-2015» сынагына катышып, байгелүү орунга ээ болду. Ал эми спортчуларыбыз 2 жылдан бери улуттар арасында өткөн спартакиадада 1-орунду эч кимге бербей келет. Мындан сырткары, шайыр жаштардан куралган «Сары-Челек» КВН командасы да бар. Быйыл жазында Кыргызстанда боло турган Тамашоунун жазгы сезонуна «Сары-Челек» КВН командасы да катышууну пландап жатат», - деди Урмат Курбанбев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×