Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 11.02.2016 14:27

Айыл турмушу: Чаткалда чакан тоок ферма иштеткен ишкер айылдыктарды таза жумуртка менен камсыздоодо (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну Уланбек Түкүшов чакан тоок ферма иштетүү менен элди таза жумуртка менен камсыз кылып келет.

У.Түкүшов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал өткөн жылы жумуртка багытындагы тооктун 192 жөжөсүн Ош шаарынан алып келген. Жөжөлөрдү талаптагыдай багып чоңойтуп, эки айдан ашуун убакыттан бери күнүнө 150 даана жумуртка алып турат.

«Жумурткаларды Каныш-Кыя айылындагы жеке менчик дүкөндөргө өткөрөм. Алар менен келишим түзүп алганбыз. Өндүрүп жаткан жумурткалар күн сайын сатылат. Айылда таза жумурткага болгон суроо-талап жогору. Эми ферманын имаратын оңдоп, жаңы имарат курууну пландап жатам», - дейт ал.

Айыл тургундары таза жумуртка өндүрүп жаткан ишкерди жергиликтүү бийликке колдоого алууну сунушташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×