Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 12.02.2016 10:44

Чаткалда социалдык төлөмдөрдүн жогорулашына нааразы болгондор жыйынга чогулду (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында кечээ, 11-февралда социалдык төлөмдөрдүн жогорулашына нааразы болгондор жыйынга чогулду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Чогулган эл менен жолугушууга КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев, Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Рустам Тургунов жана Социалдык фонддун Жалал-Абад облусу боюнча куратору Медер Ирсалиев келди.

Жолугушуу учурунда тургундар М.Абулгазиевге аталган маселе боюнча бир нече суроолорду беришти. Алар социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү негизсиз экендигин айтышып, ага бир нече далилдерди келтиришти.

Катышуучулар белгилегендей, Чаткал району бийик тоолуу, шарты катаал, кышы узак жер болуп, жердин түшүмдүүлүгү аз, малды асыроо да кыйынчылыкты жаратат.

Ошондуктан социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү район калкынын жеке кирешесине дал келбейт. Буга чейинки социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү райондун тургундарынын кирешесине терс таасирин тийгизген.

Район тургундары айтып өткөндөй, райондун катаал шартын жана район калкынын жашоо-турмушун эске алуу менен, райондогу социалдык төлөмдөрдү калктын орточо эмгек акысынан эмес, үлүш жеринин аянтына карап эсептөө сунуштары айтылды.

Мындан сырткары, катышуучулар тарабынан райондогу социалдык кызматкерлерге да айрым маселелер боюнча нааразылыктар айтылды.

Район акими К.Эшалиев М.Абулгазиевге айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен социалдык төлөмдөр орточо эмгек акыдан эмес, үлүш жерлерден алуу сунушун айтты. Район аймагында иштеп жаткан кен казуучу ишканалардын эсебинен орточо эмгек акы жыл сайын өсүп, мындай маселе жарала берерин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда М.Абулгазиев элдин нааразычылыгын жараткан социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча жаңы мыйзамда мүчүлүштүктөр кеткендигин моюнга алып, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси караларын айтты.

Жыйынга райондун баардык аймагынан 500гө чукул тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×