Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.02.2016 10:22

Чаткалдагы көпүрөнү курууда 8 млн сомду максатсыз пайдалануу боюнча сот отуруму жылдырылды

Turmush -  Чаткал районундагы көпүрөнүн чыры боюнча 10-февралга белгиленген соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Буга чейин маалымдалгандай, Чаткал районунда көпүрө курууга берилген 8 миллион сомду максатсыз пайдаланган адамдардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, иш райондук сотко жиберилген.

А 1

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында орун алган Жаңы-Базар айылы менен Чандалаш тилкесин байланыштыруучу көпүрөнү куруу иштери Өкмөткө караштуу Архитектур, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги тарабынан уруксат берилген лицензиясы жок башталган.

Бул көпүрөнү «ЕМКО» жабык акционердик коомунун негиздөөчүсү Д.Беков жана аталган мекеменин аткаруучу директору К.Мадраимов 2014-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 10 млн 451 миң 876 сомго бүткөрүп берүүнү убадалашкан.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 3-сентябрында буюртмачы болгон Чаткал айыл өкмөтү жана акча каражаты менен каржылоочу-инвестор, Корея Республикасынын жараны, «Бустер» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору — Ли Сок Чжу менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

«ЕМКО» ЖАК көпүрө куруу үчүн инвестор Ли Сок Чжудан «Кыргызстан-Коммерциялык» ААКтын Сузак филиалындагы банкы аркылуу тиешелүү каражатты өздөрүнүн эсебине котортуп алышкан.

Бирок «ЕМКО» жабык акционердик коомунун көпүрө курууга уруксат берилген лицензиясы жок болгондугунан, 2014-жылдын 3-сентябрынан баштап 2015-жылдын октябрына чейин көпүрөнүн курулушун белгисиз себептер менен созуп келишкен.

Ал эми 8 млн 222 миң 500 сом акча каражаттын 4 млн 547 миң 794 сомуна керексиз, сапатсыз жана арзан баадагы курулуш стандарттарына туура келбеген курулуш материалдарын сатып алышкан. Калган 3 млн 674 миң 707 сомун өздөрүнө ыйгарышкан.

Д.Беков менен К.Мадраимовдун кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында Чаткал айыл аймагына 8 млн 222 миң 500 сомдук көпүрө курулбай калып, мамлекетке ири зыян келтирилген.

Ал эми инвестор Кореянын жараны «Бустер» ЖЧКнун башкы директору Ли Сок Чжуга 8 млн 222 миң 500 сомдук өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Жогорудагы факт боюнча 2015-жылдын 14-октябрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен кылмыш иши козголуп, Д.Беков КРнын ЖПКнын 94-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген жана Жалал-Абад шаардык соттун токтому менен 2016-жылдын 24-январына чейин 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

2016-жылдын 11-январында Д.Беков жана К.Мадраимовго айыбы КРнын КЖКнын 171-беренесинин 4-бөлүмүндөгү 1-2-пункттары жана 180-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-3-пункттары менен угузулуп, кылмыш иши Чаткал райондук сотуна жиберилген.

Көпүрө салына турган жерлер

А 1

А 2

А 3

КРнын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Емко» ЖЧКнын башчысы, түзүүчүсү — Николайчик Виталий Яковлевич, Беков Даир Абдиманапович. Компания каттоодон 2006-жылдын 27-мартында өткөн.

А 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×