Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.02.2016 13:28

«Чаткал мырзасы-2016» сынагынын катышуучулары кум үстүнө сүрөт тартып, сынган айнектин үстүнө жатты (фото)

Turmush -  Чаткал районунда «Чаткал мырзасы-2016» кароо-сынагы өтүп, өнөрлүү балдар сыйланды. Кароо-сынакта Башкы-Терек айылындагы, К.Акназаров, Кайың-Суу, С.Байдөөлөтов, А.Баймырзаев, С.Исмаилов, Т.Жаналиев жана К.Усупбеков атындагы орто мектептерден тандалган 8 улан өз өнөрлөрүн көрсөтүп, күч сынашты.

Катышуучулар саламдашуу, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, обондуу ырларды аткаруу, бийлөө, гиря көтөрүү жана өз өнөрүн көрсөтүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. Айрым катышуучулар өзгөчө даярдык көрүп, бийкечтер менен биргеликте даярдаган ар улуттун бийлерин бийлешсе, айрымдары сынган айнектин үстүнө жылаңач денеси менен жатып, кээ бири кумдун үстүнө сүрөт тартты.

Катышуучулардын арасынан Т.Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундуз, Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Арген, С.Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайрат өзгөчөлөндү.

Кароо-сынактын жыйынтыгында калыстардын чечими менен 1-орун Эгембердиев Мундузга берилип, «Чаткал мырзасы-2016» наамы кошо ыйгарылды. Ал эми 2-орун Рахманбай уулу Аргенге, 3-орун Айтикенов Кайратка тапшырылды.

Мындан сырткары бир катар катышуучулар ар кандай номинациялар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×