Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.02.2016 15:02

Чаткалдын Жаңы-Базар айылындагы тургундар 2 айдан бери кыргызстандык телеберүүлөрдү көрө элек

Turmush -  Чаткал районунун айрым тургундары санариптик каналдагы телеберүүлөр көрсөтпөй жатканына нааразы. Жаңы-Базар айылынын тургундарынын айтымында, мындай көйгөй жаралганына 2 ай болду. Бирок тиешелүү тараптар эч кандай чара көрө элек.

Жергиликтүү тургун Шербет Өскөнбаева учурда бир дагы кыргызстандык телеберүүлөр көрсөтпөй жаткандыгын белгиледи.

«Санариптик телеберүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү керектүү жабдыктарды алгыла деп айтышкан. Бирок ал жабдыктарды толугу менен сатып алганыбыз менен кыргызча телеберүү көрбөй калдык. Бул көйгөйгө жергиликтүү бийлик көңүл бурган жок», - деди Ш.Өскөнбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×