Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 07.09.2016 09:43

Чаткал дарыясына кулап кеткен «Митсубиси Делика» унаасынын жүргүнчүсү чөгүп кетти

Turmush -  Чаткал районунда ушул жылдын 6-сентябрында саат 06:00 чамасында Ала-Бука— Каныш-Кыя— Жаңы-Базар унаа жолунун 101-чакырымында Чаткал дарыясына «Митсубиси Делика» унаасы түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, натыйжада унаанын ичиндеги эки адамдын бирөөсү (жүргүнчү) Ак-Таш айылынын 1980-жылы туулган тургуну А. уулу Т. өз алдынча чыгып кеткен. Ал эми айдоочусу, 1980-жылы туулган Б.А., сууга чөгүп кеткен.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматынан 4 куткаруучу, туугандарынан 5 адам, №17 Жол тейлөө ишканасынан 1 техника тартылып, унааны суудан чыгарып, чөгүп кеткен адамды издөө иштерин жүргүзүп, натыйжа болгон жок.

Издөө иштери дагы жүргүзүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.25% (778)
«РСК Банк»
28.34% (414)
«Капитал Банк»
6.37% (93)
...
Всего голосов: 1461
×