Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.01.2017 16:58 На русском

Чаткалда жансыз денеси суудан табылган маркумдун туугандары милициянын ишине нааразы

Turmush -  Чаткал районундагы суудан жансыз денеси табылган маркумдун туугандары милиция ишти тиешелүү деңгээлде карабай жатканына нааразы болууда, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Абдираим уулунун денеси 2016-жылдын 30-декабрында суудан табылган. Анын агасы Сапарбек Мамадалиевдин айтымында, инисин кошуна айылга унаа оңдотууга алып барган жарандарды милиция суракка албай жатат.

«Иним Алтынбек 27-декабрда кошуна Жаңы-Базар айылына унаа оңдоо үчүн кеткен. Ошондон кийин дайынсыз болуп, 30-декабрь күнү анын жансыз денеси суудан табылды. Ошол эле учурда биз милицияга аны чакырып кеткен эки адамды айттык. Милиция шектүү адамдарды суракка алганда алар мушташкан жерлерин көрсөтүп беришкен. Окуяны айтып берген адамдарды милиция ооруканага жаткырып койду. Учурда иш каралбай турат», - деди ал.

42 жаштагы маркум А.Абдираим уулу акыркы жолу Айгыр-Жал айылындагы үйүнөн 2016-жылдын 27-декабрында чыгып кеткен. Анын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.25% (778)
«РСК Банк»
28.34% (414)
«Капитал Банк»
6.37% (93)
...
Всего голосов: 1461
×