Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 31.01.2017 09:25 На русском

Кар көчкү түшкөн Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Turmush -  Кечээ, 30-январда Чаткал районундагы Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 88-89-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 17:45 чамасында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 6500 метр кубга жетет. Жолду ачууга райондук №27 жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч тартылып, бүгүн, 31-январда саат 00:05де жолдо бир тараптуу каттам ачылды. Жолду тазалап кеңейтүү иштери улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×