Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 14.02.2017 07:54

Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Turmush -  Кечээ, 13-февралда Чаткал районундагы Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 94-чакырымында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 12:30 чамасында түшкөн көчкүнүн көлөмү болжол менен 5 миң метр кубга жетет. Кар көчкүнү тазалоо иштери, аба ырайынын туруксуздугуна жана унаа жолдо кар көчкү түшүү коркунучу болгонуна байланыштуу убактылуу токтотулган.

Буга катар эле кар көчкү коркунучунан улам акимдин буйругу менен Красная Горка—Ак-Таш унаа жолу убактылуу жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×