Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 15.02.2017 10:26

Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Turmush -  Чаткал районунда 11-февралдан бери тынбай жааган кардан улам Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын бийиктиги 2 метрге чейин жетти.

ӨКМ билдиргендей, жолдо кар көчкү тынбай түшүп жатканына байланыштуу Чаткал районунун акими кечээ, 14-февралда Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Өзгөчө кырдаал режими учурунда аба ырайы өз нугуна түшкөнгө чейин Ала-Бука—Жаны-Базар—Кировка жана Красная Горка—Ак-Таш унаа жолдорунун 38-чакырымында жана 105-чакырымында күзөттөр коюлат. Ошондой эле, ӨКМдин райондук өрткө каршы бөлүмүнөн экиден куткаруучу нөөмөттө турат.

Ал эми, райондук билим берүү бөлүмүнө Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарындагы мектептерди жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерди 15-февралдан баштап аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабуу тапшырылды.

Кар жаап жана кар көчкүсү түшкөн учурда унаа жолду тазалоочу техникалар менен камсыздоо жана өз учурунда тазалоо иштерин жүргүзүү №27 жол тейлөө ишканасынын башчысына милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.25% (778)
«РСК Банк»
28.34% (414)
«Капитал Банк»
6.37% (93)
...
Всего голосов: 1461
×