Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 15.02.2017 14:36

Чаткалда кытайлардын ишканасына түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 1400 кубга жетиши мүмкүн

Turmush -  Кечээ, 14-февралда Чаткал районунда кытайлар иштетип жаткан «Кичи Чаарат» ишканасынын базасына түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 1400 кубга жетет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кар көчкү саат 16:00 чамасында түшкөн. Ишкананын жатаканасы менен ашканасы жеңил типте курулгандыктан кар көчкүгө туруштук бере алган эмес. Учурда келтирилген зыяндар эсептелип жатат.

Буга чейин жергиликтүү тургундар аталган жер көчкүнүн сүрөттөрүн беришкен.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×