Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Талас

«Жеңеке»: Бактыгүл жеңе жолдошун сүрөтү менен эле сүйдүртүп алып, 20 жашында турмушка чыккан (фото)

Turmush -  Бакай-аталык 49 жаштагы Карабаева Бактыгүл жеңе жолдошун сүрөтү менен эле сүйдүртүп алган. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында туулган. Жолдошу өзү менен тең куракта.

«Мектепти аяктап, иштеп жүргөн маалда жолдошум Данияр менен таанышып калгам. Алгач Данияр мени сүрөттөн көрүп эле сүйүп калыптыр. Эжемдин кайын сиңдиси Даниярдын досуна турмушка чыгып, ал кудачам аркылуу менен сүрөтүмдү көрүп калганын айтты. Кудачама «сүрөттөгү кыз менен тааныштыр, сүйүп калдым» деп айтып жүрүп, эжемдин үйүнө келишет. Эжем аларга «жигити бар» десе болбой кыйнаганынан мага келип, «бир эле жолу көрүшүп койчу менин жанымды койбой жатат» дегенинен макул болдум. Ал убакта жигитим өзүмдүн классташым болчу. Аскерден жаңы келип үйлөнөм деп жүргөн.

Мен эжем айткан жигит менен тааныштым. Мага бир көргөндө жакты. Томпойгон, сулуучасынан келген бала экен. Негедир көңүлүм ага тарта баштады. Үйлөнгөнү бара жатканыбызда «азыр үйгө барганда ыйлаба, апамдын жүрөгү ооруйт» десе ишенип, үйгө ыйлабай киргем. Ошентип жолдошумдун айылы Көк-Ойго 20 жашымда келин болуп бардым. Жолдошум ал учурда студент экен. Мени апасынын жанына таштап кеткиси келбей окуусун таштаган», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле, жаңы келин болгондо чай кайната албай убара болгонун айтып берди.

«Келиндин чайын ичебиз деп туугандарыбыз келип калышты. Өмүрүмдө самоорго чай кайнатып көрбөгөн жаным кайын энем «самоорго чай кайната сал» десе кантип кайнатууну билбей, жөн эле ары-бери чуркап, күйөөмдүн келип калышын күтүп жол карайм. Кайын энем «чайың кайнадыбы?» десе, «ооба апа кайнайын деп калды» деп коём. Мен чай кайнатуунун жолун таппай турганда жолдошум келип калып айнатып берген. Ошентип конокторго 2 саат дегенде чай бергем», - деди ал.

Бактыгүл жеңе учурда 2 кыздын апасы.

Тема боюнча:

16.08.2017«Жеңеке»: Айткүл жеңе ооруканадан качып чыгып, жолдошу менен сүйүү майрамын белгилеген (фото, маек)
08.02.2017«Жеңеке»: Сокулукка келин болгон А.Сагимбаева чоң кайын энеси менен болгон кызыктуу окуяларды айтып берди (фото)
13.02.2017«Жеңеке»: Жети-өгүздүк Д.Алымкожоева милиционер жолдошу үчүн ЖОЖдогу жумушун таштаган (фото)
14.02.2017«Жеңеке» Казак кызы Д.Аманкулова ата-энесинин каршылыгына карабай Таласка келин болуп келген (фото)
16.02.2017«Жеңеке»: Кайын атасы тамагын мактап жеген Айнура жеңеге нан жапканды жолдошу үйрөткөн (фото)
17.02.2017«Жеңеке»: Олеся жеңени балдакчан жүргөнүнө карабай Таласка келин кылып алышкан (фото)
18.02.2017«Жеңеке»: Шахида жеңе кошунасына күйөөгө тийгени менен ата-энесине айына 1 гана жолу барат (фото)
20.02.2017«Жеңеке»: Шаарда өскөн А.Батырова айылга келин болуп барганда 3 жыл бою нан бышыра албай кыйналган
27.02.2017«Жеңеке»: 32 жашында 6 балалуу болгон Э.Полотбекова жолдошун биринчи эле жолугушууда тандаган (фото)
02.03.2017«Жеңеке»: Казакстанда өскөн уйгур кызы З.Жамалахунова Нарынга келин болуп, мектепте иштеп жатат (фото)
02.03.2017«Жеңеке»: Бакай-Ата айылына келин болгон К.Жаныкуловага уй сааганды жолдошу үйрөткөн (фото)
29.06.2017«Жеңеке»: Нургүл жеңе мотоцикл менен суу ташып, айылда «Супер келин» атка конгон (фото, маек)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×