Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 14.04.2017 11:47

Чаткалдын тургуну 52 жаштагы эжесин бычактап салды

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Самсар айылында 52 жаштагы аялды иниси бычактап салды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБ да тастыктап, райондо адам өлтүрүү фактысы катталганын билдирди.

Аталган башкармалыктан алынган маалыматка караганда, ушул жылдын 6-апрелинде Самсар аймактык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардан кабар түшкөн. Чаткал РИИБдин атайын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон аял 52 жаштагы Д.Г. экенин аныкташкан.

Алгачкы тергөөдө белгилүү болгондой, окуя болгон күнү Д.Г. үйүндө иниси экөө чогуу спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз ара пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Ортодогу жаңжалдын айынан иниси ашкана бычагы менен эжесинин көкүрөгүнө бир жолу сайып жиберген. 52 жаштагы аял алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан.

«Кызматкерлер тарабынан кылмышка шектүү делип 1973-жылы туулган ошол эле айылдын жашоочусу Д.Ө. кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн үстүнөн КЖКнын 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Райондук сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.25% (778)
«РСК Банк»
28.34% (414)
«Капитал Банк»
6.37% (93)
...
Всего голосов: 1461
×