Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 01.05.2017 12:06

Чаткалда өз үйүнүн кулпусун бузуп, досу менен 100 миң сом уурдоого шектүү окуучу кармалды

Turmush -  Чаткал районунда өз үйүндө катылып турган ири суммадагы акчаны уурдоого шектүү делип мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын 12-мартында Терек-Сай айылынын тургуну Э.А. үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, эшиктин кулпусун бузуп, уурулукка кирген. Ал Э.А. аттуу классташына үйүндө ири суммадагы акча бар экенин айтып, экөө биргеликте төшөктөрдүн арасында турган 100 миң сом акчаны алып чыгып кетишкен. Окуучунун ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган.

«Чаткал РИИБдин кызматкерлеринин иликтөөсү менен шектүүлөрдүн бири Э.А. жабырлануучунун баласы экени аныкталган. Окуучулар уурдалган акчаларды коротуп жүргөн жеринен кармалышкан. Бул факты боюнча КЖКнын 164-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Иш райондук сотко жиберилди», - деп айтылат маалыматта.

Райондук сот окуучуларды үй камагына чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×