Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткал райондук сотунун жаңы имараты салына баштады (фото)

Turmush -  Кечээ, 22-майда Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу жөрөлгөсү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Ш.Камбаров, Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К.Капалов жана Чаткал районунун жергиликтүү жашоочулары катышты.

Жаңы имараттын курулушунун башталышы Жогорку соттун төрайымы А.Токбаеванын жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимовдун көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча соттун жаңы имараты заманбап талапка ылайык курулуп, бардык шарттар түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 992
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×