Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Чаткалда 1 жыл мурун салынган көпүрөнү сел алып кетти (фото)

Turmush -  Чаткал районундагы Айгыржал айылы менен Каныш-Кыя айылын байланыштырган көпүрө Чаткал дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндөн улам жараксыз абалга келди.

ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулаймановдун айтымында, көпүрөнү кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калды.

«Айгыржал айылын район борбору менен бириктирип турган көпүрөнү сел алып кетти. Учурда ал көпүрө жараксыз болуп, өтүүгө тыюу салынды. Тургундар эски көпүрө менен катташууда», - деди ал.

Тургундар көпүрөнүн курулганына 1 жыл болгонун, айланасы жакшы бекемделбегенин белгилешүүдө. Айгыржал айылында 200гө чукул түтүн эл жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Көп окулду
×