Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Чаткалдык үй-бүлө кымыз сатуудан тапкан кирешесине 4 баласын ЖОЖдон окутууда (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын 41 жаштагы тургуну Кипариза Анарбекова көп жылдардан бери бээ саап, кымыз сатуу менен алектенет.

Жылкычы К.Анарбекова учурда күнүнө 40 литрден кымыз сатып жаткандыгын билдирди.

«Кымыздын 1 литрин 70 сомдон сатам. Аны Бишкек шаарындагы кардарларым сатып алышат. Биздин үй-бүлө көп жылдардан бери бээ саап, кымыз сатуу менен киреше таап келебиз. Жыл сайын май айында жайлоого көчөбүз. Кымызга суроо-талап көп болгондуктан октябрь айына чейин жүрөбүз. Учурда кымыздын 1 литри 70 сомдон болсо, күз мезгилинде 100 сомго чейин жетет. Күздө кымыз коюу жана даамдуу болот. Себеби, чөп бышып, жылкынын сүтү коюлайт. Баа жогорулаганына карабастан кымыз сурагандардын саны көбөйөт. Бишкек шаарында дагы көп кардарларыбыз бар», - дейт жылкычы айым.

К.Анарбекова жолдошу жана 1 кызы менен айылдан 100 чакырымдай алыстыктагы Ничке-Сай жайлоосуна көчүшкөн.

«Борбордон буйрутма бергендерге такси аркылуу салып жиберебиз. Ал эми чаткалдыктар өздөрү издеп келип алып кетишет. Кээ бир кардарлар бир алганда 150-200 литр алышат. Базарга алып түшүп сатпайбыз. Жыл сайын күнүнө 70 литрден кымыз сатчубуз. Быйыл жылкылар азыраак төлдөп, 40 литрден гана кымыз сатып жатабыз», - дейт К.Анарбекова.

Ал белгилегендей, алардын 4 баласы тең студент, Бишкектеги жогорку окуу жайларда билим алышат. Кымыздан тапкан кирешесин балдарынын окуусуна жумшашат. Сезон учурунда алар болжол менен 120-150 миң сомдой пайда көрүшөт.

К.Анарбекова жолдошу Мырзакул Алматов экөө 25 жылдан бери бирге түтүн булатууда. Алардын 4 уулу, 1 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×