Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 20.06.2017 11:55 На русском

Фото - Чаткалдагы Терс дарыясына жеңил унаа кулап, ичиндеги 4 адамдын экөө сууга агып кетти

Turmush -  Чаткал районундагы Терс дарыясына «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа ичиндеги 4 адам менен кошо түшүп кетти. ӨКМ билдиргендей, кечээ, 19-июнда саат 01:30 чамасында кулаган унаанын айдоочусу менен алдыңкы орундагы жүргүнчү суудан өз күчү менен чыгышкан. Ал эми, арткы орундагы эки аял унаа менен кошо сууга агып кеткен.

Кийинчерээк алардын аты-жөнү такталып, бир туугандар экени белгилүү болду.

- Аксы районунун 1976-жылы туулган тургуну М.А.;

- 1980-жылы туулган М.Э.

Издөө иштери ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилиги менен жүргүзүлүп, куткаруучулар жана РИИБдин кызматкерлери чыгышты. Издөө иштеринин жүрүшүндө Кара-Булак тилкесинен Чаткал дарыясынын жээгине чыгып калган жерден 1976-жылы туулган аялдын денеси табылды.

Экинчи аялды издөө иштери бүгүн, 20-июнда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×