Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Чаткал—Талас унаа жолу кардан тазаланууда (фото)

Turmush -  Чаткал—Талас унаа жолун кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Райондун акими Канжар Эшалиев билдиргендей, ашуудагы көчкүнү тазалоо иштери башталды.

«Чаткал аркылуу Таласка өтүүчү ашуу тазалана баштады. Учурда техникалар иштеп жатат. Быйылкы жылы кар көп болгондуктан ашуудагы карды тазалоо кыйынчылык жаратууда», - деди К.Эшалиев.

Чаткалдын тургундары жайкысын Талас облусу аркылуу Бишкек шаарына катташат. Кышкысын жол жабылып, Ала-Бука району аркылуу чыгышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1801
Көп окулду
×