Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Чаткалда 6-класстын окуучусу дарыяга агып бара жаткан карындашын куткарып калды

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылында 6-класстын окуучусу Султанмурат Муратаалы уулу сууга агып бара жаткан карындашын куткарып калды. Бир туугандардын апасы Атыргүл Атабекованын айтымында, кызы суу алып жатып, дарыяга кулап кеткен.

«Кызым Астра менен Султанмурат адаттагыдай эле сууга кетишкен. Кийин кызым сууга агып, аны уулум куткарып калганын айтып беришти. Мен уулумдун аракетине аябай кубанып жатам. Өзү сууда мыкты сүзгөндүктөн карындашын оңой эле куткарып калыптыр. Учурда айыл тургундары аны мактап, белектерин берип жатышат. Кызым 200 метрдей жерге чейин агыптыр», - деди ал.

Султанмурат Муратаалы уулу 6-классты аяктаса, карындашы Астра 5-классты бүткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1193
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×