Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалда Патрулдук милициянын кызматкерлерине кызматтык унаа тапшырылды

Turmush -  Чаткал районундагы Патрулдук милициянын кызматкерлерине кызматтык унаа тапшырылды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, тапшыруу аземине Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Акылбек Мамасеитов катышты. Алгач ал милицияда көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан РИИБдин казына башчысы Гүлчехра Турсунбаеваны «Кыргыз милициясынын 90 жылдыгы» төш белгиси жана медалы менен сыйлады.

Андан соң Чаткал райондук Патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоодо үчүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×