Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалдын Терек-Сай айыл өкмөтүндө 11 чакырым жолду асфальттоо башталды (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүндө 11 чакырым жолду асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айыл өкмөттүн ички чарбалык жолдорун асфальттоо демилгеленген.

«Терек-Сай айыл өкмөтүндө быйылкы жылы 11 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Учурда 4 чакырым жолго асфальт басылды. Бул иштерди айыл өкмөттүн аймагынан кен казган фирма эл менен келишилген төлөмдүн эсебинен бүтүрүп жатат. 1 чакырым асфальт 4 млн сомдон ашык каражатка бүтүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 856
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×