Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалдын Терек-Сай айыл өкмөтүндө 50 адам мыйзамсыз сурьма казып жатат, - айыл өкмөт башчы

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнөн 50гө чукул адам кооптуу делген аймактан сурьма казууда, деп билдирди айыл өкмөт башчы Бакыт Турдалиев.

Анын айтымында, учурда аларды чыгаруу аракети көрүлүүдө.

«Айыл өкмөттө мыйзамсыз сурьма казган 50дөй адам бар. Аларга эскертүүлөр берилген. Ошого карабастан алар өз алдынча казуу иштерин улантып жатышат. Кен чыккан аймакта техникалар чыгарылып салынган. Бирок, адамдар кол менен кызып жатышат», - деди ал.

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн карамагындагы сурьма чыккан аймакка «Эти бакыр» фирмасы лицензия алып, бирок ал жерде казуу иштерин токтоткон. Бирок, Ала-Бука, Чаткал районунун тургундары кол менен сурьма кызып келишет.

Өткөн жылы мыйзамсыз сурьма казган 4 адамды көчкү басып калып, 1 жаран каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
14:02,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×