Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда инвестиция тартуу күчөдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарына быйылкы жылдын беш айында келген инвестициянын көлөмү өткөн жылдагыдан 274,2 миллион сомго көп болуп, өсүү темпи 165,6%ды түздү. Башкача айтканда, быйылкы жылы тартылган инвестициянын көлөмү 692,4 миллион сомго жетсе, өткөн жылы бул көрсөткүч 418,2 миллион сом болгон. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, тышкы инвестиция тартуу көлөмү өткөн жылдагыга караганда кыйла көп болгон. Өткөн жылы беш айда 1 миллион сомдук тышкы инвестициялар тартылган болсо, быйылкы жылы анын көлөмү 266,1 миллион сомго жетти.

Ал эми ички инвестициялардын көлөмү да өткөн жылдагыдан көп болду. Башкача айтканда, быйылкы беш айда анын көлөмү 426,2 миллион болсо, өткөн жылы ушул мезгилде 417,2 миллион сом болгон. Демек, өсүү темпи 102,2%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 677
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×