Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалда унаа менен кошо сууга агып кеткен 37 жаштагы аялды издөө иши токтотулду

Turmush -  Чаткал районунда унаа менен кошо сууга агып кеткен аялды издөө иши токтотулду, деди ӨКМдин Чаткал районундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов.

Анын айтымында, сууга аккан унаа жана аялдын сөөгү табылган жок.

«ӨКМдин кызматкерлери сууга унаа менен кошо аккан аялдын сөөгүн издөөнү токтотту. Издөө ишинен жыйынтык чыккан жок. Учурда сууга аккан жарандын жакындары издөөнү улантып жатышат», - деди А.Сулайманов.

Буга чейин маалымдалгандай, 19-июнда саат 01:30 чамасында Чаткалдагы Терс дарыясына «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа кулаган. Анын ичиндеги 4 адамдын экөө аман калып (айдоочу менен эркек жүргүнчү), эже-сиңдилер сууга агып кеткен. Кийин алардын бири табылып, унаа менен кошо аккан 1980-жылы туулган М.Э. табыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×