Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда айылдык таланттардын ырлар жыйнагынын экинчи китеби чыкты

Turmush -  Чаткал районунун айыл-кыштактарында жашаган акындардын ырлар жыйнагы чыкты. Китепке аймактагы жаш жана улуу муундагы акындардын ырлары камтылган.

Китепти чыгарууга демилгечи болгон журналист Мухаммедалы Эшназаровдун билдиришинче, китепке 29 акындын ыры камтылып, 500 нуска менен жарык көргөн.

«Чаткал таланттары 2» кетиби 500 нуска менен чыкты. Ага жаш жана улуу муундагы 29 адамдын ыры камтылды», - деди М.Эшназаров.

Ал белгилегендей, «Чаткал таланттары» ырлар жыйнагынын биринчи китеби 2016-жылы чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1007
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×