Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Элдик уламыш: Калмактар менен кытайлардын кен талашуусунан улам аталган Чандалаш айылы (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Чандалаш өрөөнү кенге бай аймак катары таанылган.

Жергиликтүү тургундар алтындын көптүгүнөн майда таштардын арасынан кен таап алган учурлар болгонун айтышат.

Чандалаш айылынын тарыхын чоң атасынан уккан Мухаммедалы Эшназаровдун айтымында, чандалаш деген сөз «зер талаш» сөзүнөн келип чыккан.

«Өрөөндө жашаган калмактар менен кытайлар кен талашып чатакташкан экен. Мен жаш кезимде айылдын аталыш тарыхын Адылбек чоң атам айтып берген. Уламыштарга жана эл оозундагы сөздөргө караганда, бул аймакта кытайлар жана калмактар жашап, алтындарын алып турушкан. Бул өрөөндүн аталышы талаштан улам келип чыккан», - дейт тургун.

Чандалаш өрөөнүндө 1940-жылдары кыргыздар отурукташып, Чандалаш айылы түптөлгөн. Бирок, Чаткал дарыясы аркылуу өтүүгө кыйынчылык болгондуктан 50гө чукул гана үй-бүлө жашап калган. Чандалаш өрөөнү Чаткал кырка тоолору менен туташат. Айылда өзгөчө бааланган токоюнда кызыл китепке кирген кайың, долоно чычырканак сыяктуулар өсөт. Учурда айылда башталгыч мектеп жана ФАП бар. Тургундар 200 гектарга чукул аянтты пайдаланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×