Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалдын Чандалаш айылынын тургундары кен казган компаниянын ишин токтотууну талап кылууда (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Чандалаш айылынын тургундары кен казылуучу жердеги бак-дарактардын кыйылышына каршы чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Шербет Өскөнбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда 20дан ашуун тургун кен казган компаниянын ишин токтотууну талап кылууда.

«Айыл тургундары токойду кыюуга каршы чыгып, кен казган компаниянын ишине нааразы болууда. Учурда тургундар кен казган компаниянын ишин токтотуу талабын коюп жатышат, анткени алар токойду кыйратууда», - дейт ал.

Ал эми, айыл өкмөт башчы Бакыт Исабеков бул боюнча азырынча маалыматы жок экендигин билдирсе, Чандалаш айылдык кеңешинин депутаты Нармат Молдалиев учурда эл менен жолугушуу үчүн бара жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×