Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалдын тургундары нааразы болуп чыккандан кийин кен казган компания ишин токтотту

Turmush -  Чаткал районунда жергиликтүү тургундар нааразы болуп чыккандан кийин кен казган компания ишин токтотту. Бул тууралуу Чандалаш айылдык кеңешинин депутаты Нармат Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, кен казгандар ишин токтотуп, техникаларын айылдын аймагынан чыгарып кетишти.

«Бүгүн Чандалаш айылында 20дан ашуун адам айылдын аймагында кен казгандарга нааразы болуп, аларга чыгып кетүү талабын коюшту. Кен казып жаткан «Консолидейтед Аурум» компаниясы техникаларын айылдан чыгарып кетишти. Андан соң жергиликтүү тургундар үйлөрүнө тарады», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Чандалаш айылынын тургундары кен казган компаниянын өкүлдөрү токойду кыйып жатат деген жүйөө менен нааразы болуп чыгып, кен казгандарга чыгып кетүү талабын коюшкан. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар айылды район борбору менен байланыштырып туруучу көпүрө салып берүү талабын коюп келишет. 3 жыл мурда курулуп баштаган 2 көпүрө азыркыга чейин аягына чыга элек.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 965
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×