Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда кен казган фирманын сууга агып кеткен кызматкеринин денеси изделүүдө

Turmush -  Чаткал районунда кен казган фирманын сууга агып кеткен кызматкеринин денеси табылбай жатат.

ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулайманов билдиргендей, 4-июлда сууга аккан жаранды куткарууга мүмкүн болбой калган.

«Курулуш айылында сууга агып кеткен кен казган фирманын кызматкеринин денеси изделип жатат. Окуя тууралуу бизге маалымат түшкөндөн кийин куткаруучулар барып, аны суудан алып чыгууга мүмкүн болбой калган. Учурда анын денесин издеп жатабыз», - деди ал.

Сууга аккан жаран кен казган «Концлер Аурум» компаниясында котормочу болуп иштегени маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 846
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×