Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалда 3 жыл мурун курулган арка тургундардын нааразычылыгынан кийин кайра оңдолду

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 3 жыл мурун курулган арка тургундардын нааразычылыгынан кийин кайрадан оңдолду.

Айыл өкмөттүн башчысы Нургазы Жолдошов билдиргендей, тургундар арканын сапатына нааразы болгондон кийин, курулушту жүргүзгөн тарап кайрадан оңдоп берди.

«3 жыл мурда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кире беришине арка орнотулган. Бирок, жергиликтүү тургундар арканын курулушу сапатсыз болгонун айтып, нааразы болуп келишкен. Мындан улам арканы курган фирма кайрадан жаңылап куруп берди», - деди ал.

Арка жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
14:02,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×