Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда дарыяга кулаган эже-сиңдилердин экинчисинин денеси табылды

Turmush -  Чаткал дарыясына унаа менен оодарылып кетип, изделип жаткан аялдын денеси бүгүн, 1-августта табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылы 19-июнда Чаткалдагы Терс дарыясына «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа кулаган. Анын ичиндеги 4 адамдын экөө аман калып (айдоочу менен эркек жүргүнчү), эже-сиңдилер сууга агып кеткен. Кийин алардын улуусу табылган болчу. Бүгүн 1980-жылы туулган сиңдиси М.Э. табылды. Маркум сууга кулаган жерден 20 чакырымдай алыста — Ак-Таш айылынын Чет-Таш аймагында суунун жээгине чыгып калган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин ӨКМдин Чаткал районундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов Чаткал районунда унаа менен кошо сууга агып кеткен аялды издөө иши токтотулганын билдирген.

«ӨКМдин кызматкерлери сууга унаа менен кошо аккан аялдын сөөгүн издөөнү токтотту. Издөө ишинен жыйынтык чыккан жок. Учурда сууга аккан жарандын жакындары издөөнү улантып жатышат», - деген А.Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1252
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×