Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда Батыш Тянь-Шань тоолорундагы жапайы жаныбарларды сактоо максатында акция өтөт

Turmush -  Чаткал районунда Батыш Тянь-Шань тоолорундагы жапайы жаныбарларды сактоо максатында акция өтөт. Бул тууралуу «Мурас кыймылы» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гамал Сооронкулов билдирди.

Анын айтымында, акция жапайы жаныбарларды коргоо максатында өтөт.

«Тянь-Шань тоолорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калууга жана көбөйтүүгө кызыкдар болгон тараптар менен жолугушуу өткөрүлөт. Акциянын алкагында мыйзамсыз аң уулоо, браконьердик фактылар токтотулат, фото жана видеотасмаларга тартуу иштери жүргүзүлөт. Жапайы айбанаттардын эсеби алынып, келечектеги туристтик маршруттар белгиленет. Ошондой эле, жайлоодогу малчылар арасында алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Муну менен Авлетим капчыгайында «Батыш Тянь-Шанга маралдарды реинтродукциялоо» долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу башталат», - деди Г.Сооронкулов.

Жапайы жаныбарларды коргоо акциясы 16-17-август күндөрү өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 615
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×