Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жеткен чаткалдык балбанга ат мингизишти (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында өткөн алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жеткен чаткалдык балбан Бактыбек Молдотаевге ат мингизишти. Бул тууралуу Көк бөрү жана күрөш федерациясынын Чаткал районундагы жетекчиси Саматбек Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, балбан 90 кг салмактан жогорку спортчулар менен беттешкен.

«Бактыбек Молдотаев 90 кг салмактан 140 кг салмакка чейинки балбандар арасында өткөн мелдеште 1-орунду багындырды. Жеңишке жеткен балбанга жердештери ат мингизип сыйлашты», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеш 13-августта Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында өткөрүлүп, ага Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россиядан келген спортчулар катышкан.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 593
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×