Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.08.2017 11:05

Фото - Чаткалда 8 бөлмөлүү жатакана менен жеңил унаа өрттөндү

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы Эшалы Болуш айылында барак тибиндеги жатакана толугу менен өрттөндү. Бүгүн, 18-августта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген алдын ала маалымат боюнча, адамдар жабыркаган жок.

Өрттүн кесепетинен Эшалы Болуш көчөсүнүн №8 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган 8 батирлүү жатакана, «Ваз-3110» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру D 35-88) унаа толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×