Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалдагы өрт: Үйсүз калган 8 үй-бөлө көчүрүлүп, тамак-ашка 20 миң сомдон бөлүндү (фото, тизме)

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында өрттөн улам үйсүз калган 8 үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, өрт чыккан фин тибиндеги жыгач үйдөн тургундар өздөрү качып чыгып, үй буюмдары толугу менен күйүп кеткен.

Терек-сай айыл аймагынын башчысы Бакыт Турдалиевдин айтымында, жабыркаган 8 үй-бүлөнүн ар бирине тамак-аш үчүн 20 миң сомдон бөлүндү. «Айыл аймактын депутаттары менен бирге жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тамак-аштары үчүн акча каражат бөлүү маселесин шашылыш карадык. Азыр аларга азыктар жеткирилүүдө. ӨКМден убактылуу жашап туруу үчүн чатырларды алуу аракети көрүлүүдө», - дейт ал.

ӨКМден билдиришкендей, Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш дарегинде жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан өрт чыгып, толугу менен өрттөнүп кеткен. 8 үй-бүлө жашаган үйдө чыккан өрттү өчүрүүгө №79 бөлүмдүн өрт өчүрүүчүлөрү тартылган. Турак үйдүн жалпы аянты 675 чарчы метрди түзүп, андагы 20 бөлмөдө 28 адам жашап келген. Жашоочулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, өрт кырсыгы Койлубаева аттуу тургун үйүндө жок кезде чыккан.

Үйү жабыркаган тургундардын тизмеси:

1. Борукеев Айылчы Жамалович, 1959-жылы туулган;

2. Сакиева Азия Үмөтбековна, 1969-жылы туулган;

3. Өмүрбеков Нуркалык Иманбаевич, 1977-жылы туулган;

4. Акимбекова Перизат Калмырзаевна, 1984-жылы туулган;

5. Иманбаев Нурсултан Куркалыкович, 2004-жылы туулган;

6. Иманбаева Асема Куркалыковна, 2010-жылы туулган;

7. Иманбаева Адина Нуркалыковна, 2010-жылы туулган;

8. Иманбаева Адемай Нуркалыковна, 2013-жылы туулган;

9. Койлубаева Чолпон Турдубаевна, 1978-жылы туулган;

10. Жанболотова Жумаида, 2003-жылы туулган;

11. Жанболотова Зарипа Мирзапазыловна, 1967-жылы туулган;

12. Багышбаева Гүлнара Өнөковна, 1967-жылы туулган;

13. Чыныев Турдубай Жайлообаевич, 1961-жылы туулган;

14. Багышбаев Арген, 1995-жылы туулган;

15. Кожомжаров Эмилбек Коконбаевич, 1970-жылы туулган;

16. Токтогулова Нуржан Рахматуллаевна, 1977-жылы туулган;

17. Эмилбекова Феруза Эмилбековна, 2010-жылы туулган;

18. Эмилбекова Нургиза Эмилбековна, 2009-жылы туулган;

19. Ормотоев Нарбай Абдисалиевич, 1982-жылы туулган;

20. Акматова Феруза Алыкуловна, 1988-жылы туулган;

21. Абдисалиев Беккул Салиевич, 2010-жылы туулган;

22. Абдисалиев Алинур Нарбаевич, 2012-жылы туулган;

23. Адбисалиева Айдана Нарбаевна, 2015-жылы туулган;

24. Чымканаев Абдугапар Амирабекович, 1962-жылы туулган;

25. Токонова Дилбар Эшанкуловна, 1972-жылы туулган;

26. Амирбеков Замирбек Абдугапарович, 1992-жылы туулган;

27. Амир беков Алмазбек Абдугапарович, 2001-жылы туулган;

28. Амирбекова Нурайым Абдугапаровна, 2005-жылы туулган;

29. Амирбекова Жазайым Абдугапаровна, 2013-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1619
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×