Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалдагы өрт: Толугу менен күйүп кеткен 8 үйдүн жашоочулары үчүн чатырлар тигилди (фото)

Turmush -  Чаткал районунда толугу менен күйүп кеткен 8 үйдүн жашоочуларын убактылуу жайгаштыруу үчүн ӨКМ тарабынан чатырлар тигилди. Министрликтин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулаймановдун айтымында, жабыр тарткандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп жатат.

«Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Эшалы Болуш айылындагы 8 үй-бүлө үчүн 8 чатыр тигилди. Ошондой эле, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөр менен камсыз болушту», - деди А.Сулайманов.

Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш дарегинде жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан кечээ, 18-августка караган түнү саат 01:25 чамасында өрт чыгып, 8 үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Андагы 29 адам сыртка чыгууга үлгүрүп, жаракат алышкан жок.

20 бөлмөлүү жатакананын жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн себебин жана чыгымдарды тактоо иштери улантылып жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 829
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
14:02,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×