Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалдагы ири өрт: Үйү, документтери толук өрттөнгөн 8 үй-бүлө кышка чейин турак жайлуу болушат (фоторепортаж)

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айылында күйүп кеткен жатакананын жашоочуларынан өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү кабар алышты. Аймактык кабарчы билдиргендей, өкүл резервдик фондунан 80 миң сом бөлүп, жергиликтүү бийлик тараптан да жардамдар көрсөтүлүп жатканы айтылды.

«ӨКМ менен биргеликте иштешип жатабыз. Үйсүз калган үй-бүлөлөр үчүн чатырлар тигилди. Электр жарыгы менен камсыз кылуу аракеттери да көрүлүп жатат. Ошондой эле, жабыркагандар жаңы турак жай куруу үчүн жер тилкеси каралып, мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын которууда. Күнүмдүк азык-түлүктөр, жууркан-төшөктөр менен камсыз болдуңуздар. Эми жер тилке чечилип калса кышка чейин үйлүү кылууга болгон аракетибизди жумшайбыз», - деди К.Сатыбалдиев.

Райондун акими Канжар Эшалиевдин айтымында, үйсүз калган 8 үй-бүлөнүн ар бирине турак жай курулат.

«Курулуш фирма 8 үйдүн пайдубалын түптөп берүүнү убадалады. Дагы бир фирма үйлөрдүн чатырын жаап берүү милдетин алууда. Турак үйлөрдүн дубалын тургузууга "Терек-Сай жаштары" ЖЧКсы колдоо көрсөтө турган болуп жатат. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын которуп беришти. Бул каражат да турак жай тургузууга жумшалат», - деди аким.

Өрттөн жабыркаган жашоочулар колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылык билдирүү менен кышка чейин турак жайларын бүткөрүүгө, күйүп кеткен документтерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Жабыркагандардын айтымында, 4 даана паспорт, 4 диплом, 2 аскердик билет, 5 даана туулгандыгы тууралуу күбөлүк күйгөн.

ӨКМ менен облус бийлиги тарабынан 10 орундуу 8 чатыр, керектүү каражаттар, жууркан-төшөктөр, ар кандай зарыл болгон буюмдар жеткирилип, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка азык-түлүк алынды.

Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш дарегинде жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан 18-августка караган түнү саат 01:25 чамасында өрт чыгып, 8 үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Андагы 29 адам сыртка чыгууга үлгүрүп, жаракат алышкан жок.

20 бөлмөлүү жатакананын жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн себебин жана чыгымдарды тактоо иштери улантылып жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1625
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×