Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 22.08.2017 10:38

Чаткалда апрелде сууга агып кеткен 62 жаштагы кишини кайрадан издеп башташты

Turmush -  Чаткал районунун Чаткал айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылынын сууга агып кеткен 62 жаштагы тургуну А.С.ны издөө иштери кайрадан жандандырылды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсык 2017-жылы 20-апрелде саат 12:00-13:00 чамасында А.С. Беш-Арал коругунун 12 кызматкери менен коруктан кайтып келе жатканда болгон.

Кечээ, 21-августта 15 куткаруучу издөө иштерине тартылып, бирок жыйынтык болгон эмес. Алар Сары-Жайык аймагында түнөп калып, бүгүн издөө иштерин улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×