Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Чаткалда толугу менен күйүп кеткен 8 үйдүн жашоочуларына турак жай курулуп жатат

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылында барак тибиндеги үйдөн чыккан өрттөн улам үйсүз калган жарандарга турак жай тургузулуп баштады.

Терек-Сай айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда, эки түтүнгө узуну 16, туурасы 8 метр болгон 6 бөлмөлүү үй курулат. Учурда пайдубалы түптөлүп жатат.

«Күйүп кеткен үйдүн ордуна 4 үй салынууда. Ар бир үй-бүлөгө 3 бөлмөдөн берилет. Октябрь айынын аягына чейин бүткөрүүгө аракет көрүлүп жатат», - дешти айыл өкмөттөн.

Үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси калбаган тургундар үчүн райондогу «Этибакр» фирмасы 20 тонна цемент алып берсе, «Эвентус» ишканасы чатырын жаап берүүгө көмөк көрсөтмөкчү. Райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы усталарга берилет.

Буга чейин маалымдалгандай, Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш дарегинде жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан 18-августта түнү саат 01:25 чамасында өрт чыгып, 8 үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Андагы 29 адам сыртка чыгууга үлгүрүшкөн.

Толугу менен күйүп кеткен 8 үйдүн жашоочуларын убактылуу жайгаштыруу үчүн ӨКМ тарабынан чатырлар тигилип, гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн.

Үйү жабыркаган тургундардын тизмеси:

1. Борукеев Айылчы Жамалович, 1959-жылы туулган;

2. Сакиева Азия Үмөтбековна, 1969-жылы туулган;

3. Өмүрбеков Нуркалык Иманбаевич, 1977-жылы туулган;

4. Акимбекова Перизат Калмырзаевна, 1984-жылы туулган;

5. Иманбаев Нурсултан Куркалыкович, 2004-жылы туулган;

6. Иманбаева Асема Куркалыковна, 2010-жылы туулган;

7. Иманбаева Адина Нуркалыковна, 2010-жылы туулган;

8. Иманбаева Адемай Нуркалыковна, 2013-жылы туулган;

9. Койлубаева Чолпон Турдубаевна, 1978-жылы туулган;

10. Жанболотова Жумаида, 2003-жылы туулган;

11. Жанболотова Зарипа Мирзапазыловна, 1967-жылы туулган;

12. Багышбаева Гүлнара Өнөковна, 1967-жылы туулган;

13. Чыныев Турдубай Жайлообаевич, 1961-жылы туулган;

14. Багышбаев Арген, 1995-жылы туулган;

15. Кожомжаров Эмилбек Коконбаевич, 1970-жылы туулган;

16. Токтогулова Нуржан Рахматуллаевна, 1977-жылы туулган;

17. Эмилбекова Феруза Эмилбековна, 2010-жылы туулган;

18. Эмилбекова Нургиза Эмилбековна, 2009-жылы туулган;

19. Ормотоев Нарбай Абдисалиевич, 1982-жылы туулган;

20. Акматова Феруза Алыкуловна, 1988-жылы туулган;

21. Абдисалиев Беккул Салиевич, 2010-жылы туулган;

22. Абдисалиев Алинур Нарбаевич, 2012-жылы туулган;

23. Адбисалиева Айдана Нарбаевна, 2015-жылы туулган;

24. Чымканаев Абдугапар Амирабекович, 1962-жылы туулган;

25. Токонова Дилбар Эшанкуловна, 1972-жылы туулган;

26. Амирбеков Замирбек Абдугапарович, 1992-жылы туулган;

27. Амир беков Алмазбек Абдугапарович, 2001-жылы туулган;

28. Амирбекова Нурайым Абдугапаровна, 2005-жылы туулган;

29. Амирбекова Жазайым Абдугапаровна, 2013-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 864
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×