Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалда көп жылдан бери көйгөй жараткан көпүрө курулса 100дөй адамга үй салууга жер берилет

Turmush -  Чаткал районунда көп жылдан бери курулбай жаткан көпүрө курулса 100дөй адамга үй салууга жер берилет. Бул тууралуу Чаткал районунун акиминин орун басары Мурат Досбаев билдирди.

Анын айтымында, айылда жер алуу үчүн 100 адам кезекте турат.

«Чандалаш айылына көпүрө курулса кезекте турган адамдарга жер тилке берилет. Ал жерде үй салууга жакшы шарттар бар. Учурда аталган айылда 20га чукул үй-бүлө жашайт. Чандалаш айылы менен Жаңы-Базар айылын бириктирген көпүрө көп жылдан бери курулбай, тургундарга көйгөй жаралып келет. Чандалаш айылында жашаган 20 үй-бүлө жөө адамдар үчүн салынган көпүрө менен айланып каттап келишет», - деди М.Досбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 365
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×