Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалда кардын көптүгүнөн келе албай калган таластык чабандарга куткаруучулар жөнөтүлдү

Turmush -  Чаткал районунда кардын көптүгүнөн келе албай калган таластык чабандарга куткаруучулар жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 30-сентябрда Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кар көп жаагандыгына байланыштуу 3 короо кой, 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан.

Чабандарды көчүрүп келүү үчүн ӨКМдин Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде жергиликтүү тургундардан 4 адам жана 3 куткаруучу ЗИЛ-131 унаасы менен 1-октябрда чыгып кетишти.

«Бүгүн, 2-октябрда саат 01:50дө аталган топ Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына барып түнөштү. Кар көп жаагандыктан унаа менен андан ары бара алышкан жок», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 416
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×