Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Сүйүү улут тандабайт: Үч улуттан куралган Чаткалдагы интернационал үй-бүлө (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында 70 жыл мурда отурукташкан 20га жакын тажик үй-бүлө жашайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы тажик, кыргыз, өзбек улутунан куралган интернационал үй-бүлөдөн кабар алып, алардын салт--санаасы, үрп-адаттары жана жашоосу менен танышты.

Тажик улутундагы жергиликтүү тургун Абдырахман Сатимовдун айтымында, ал Ала-Бука районунда жашаган өзбек улутундагы Кайринса аттуу кызга баш кошуп, 3 уул, 2 кыздуу болушкан. Учурда алар 2 уулуна кыргыздан келин алып, 1 кызын кыргыз жигитине турмушка беришти.

«Менин ата-бабаларым 1945-жылдары Чаткал өрөөнүнө келип отурукташып калган экен. Мен ушул жерде туулуп, өсүп, кыргыз мектебинде билим алдым. Уулдарымды дагы кыргыздын каада-салты менен үйлөнтүп, кызымды турмушка узаттым. Азыр 1 кызым студент, 1 уулум мектепте окуйт. Алар кайсыл улуттагы адам менен үй-бүлө курушса биз каршы болбойбуз. Эң негизгиси алардын ортосунда жылуу мамиле болсо болду», - деди А.Сатимов.

Ал белгилегендей, Жаңы-Базар айылында жашаган тажиктер кыргыздын каада-салты менен той өткөрүшөт.

«Мурда Өзбекстанда жашаган тажик туугандарыбыз менен катташып турчубуз. Кийин катташуу үзүлдү. 30 жылдай убакыттан бери катташпай калдык. Азыр жан дүйнөбүз кыргыз болуп калды. Чаткалда жашаган тажиктер тажик тилинде сүйлөбөйт. Ала-Букадан тажик, өзбек туугандар келип калганда гана сүйлөбөсөк, көбүнчө кыргызча сүйлөйбүз», - деди ал.

Жаңы-Базар айылынын тургундарынын көпчүлүгү мал чарбачылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7460
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×