Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 05.10.2017 09:10

Жайлоодо калып, дайынсыз болуп жаткан таластык 8 чабан табылды

Turmush -  Чаткалда жайлоодо калып, дайыны чыкпай жаткан таластык 8 чабан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Бакай-Ата районунун Ак-Назар айылынын чабандары (7 эркек, 1 аял) саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшкөн. Алар айылга жакын Эски штаб деп аталган жерге өздөрүнүн чатырын тигип, жайгашканы такталды. Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Иляс Кубатбеков менен Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошов тамак-аш жана керектүү азыктарды алып, саат 20:30 чамасында аларга жөнөп кетти. Кошумча маалымат берилет.

Окуя тууралуу:

Бакай-Ата районундагы Акназар айыл аймагынын Күмүш-Так ашуусунда калың кар жаагандыктан 8 чабан 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калганы маалымдалган.

Маалым болгондой, аталган аймакка кар 30-сентябрь күнү жааган. Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10, Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3, Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылды. Талас облусунан барган куткаруучулардын тобу кар көп жааганына байланыштуу ашуудан өтө албай, 3-октябрь күнү саат 19:15те ӨКМдин Кара-Буура райондук бөлүмүнө, ал эми Токтогул районунан барган куткаруучулардын тобу саат 19:40 чамасында туруктуу ордуна кайтып келишти.

3-октябрь күнү саат 18:40та Таш-Көмүр шаарынан №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу чыгып, саат 23:00дө Токтогул шаарчасындагы аскер комиссариатына жайгашты. 3-октябрда саат 21:00дө ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги астында 4 кишиден турган топ чыгып, саат 00:40та аталган аскер комиссариатына келишти. Издөө-куткаруу иштерине жалпы 20 адам тартылып, 4-октябрь күнү саат 05:48те куткаруучулар тобу аталган аймакка жөнөп кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×