Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 26.10.2017 09:07

Акыркы суткада өлкөдө 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 26-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Сумсар айылында жайгашкан сарай өрттөнүп, чатыры, 200 түк чөп күйүп кетти.

Ошондой эле, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында сарай өрттөнүп, чатыры, 100 боо чөп, 2 куб отун күйгөн. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×